• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында эскилиги жеткен үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үй куруу сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков шаардын Достук аймактык башкармалыгындагы Строительная көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы жашоочуларга эскилиги жеткен үйлөрүн бузуп, ордуна курулуш компаниялар аркылуу заманбап көп кабаттуу үйлөрдү курдуруп берүүнү сунуштады.

Ал ошондой эле архитектура жана “Кадастр” мекемелеринин жетекчилерине бул багытта иш алып барууну тапшырды.

Белгилей кетсек, шаар мэринин бул демилгеси ишке ашса, мындагы жашоочулар коопсуз, заманбап турак жайларга ээ болуп, шаардын көркүн бузган жана эскилиги жеткен үйлөрдүн саны бир топ кыскарат.

Пикир

Оставить комментарий