• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө 32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Аймак 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызмты билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-февралынан 22сине караган түнү Балыкчык-Каракол жолунун 5 км.де Ысык-Көл облусунун Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарды мыйзамсыз ташууга шектүү кармалды.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган заттар, гашиш баӊги затына кирери жана жалпы салмагы 235 грамм экендиги аныкталды. Карамалган жаран Түп районунун Байзак айылынын 1990-жылы туулган тургуну Б. уулу К. экени белгилүү болгон.

Аталган факт учурда Ысык-Көл облустук милициясында каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий