• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри чемпиондорду кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгени уткан Төрөкан Багынбай уулун жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде коло медалды жана Азиадада күмүш медалды багындырган Акжол Махмудовду жана алардын машыктыруучуларын жана жакындарын кабыл алды.

Т.Сарыбашов спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, калпак, чепкен кийгизди.

“Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Ошондуктан өлкөбүздү дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл. Биздин милдет спортту колдоо, өнүктүрүү жана биздин спортчуларыбыздын эл аралык, республикалык таймаштарда мыкты көрсөткүчтөргө жетишишине ыңгайлуу шарттарды түзүү. Силердин жеңишиңерди бүтүндөй кыргыз эли күтүп, сыймыктанды. Бул силерге чек эмес болсун. Мындан ары көптөгөн бийиктиктерди багындыргыла. Биз силерди ар тараптан колдоого дайым даярбыз”,-деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий