• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада мал өткөрүү пункту курулду. Ал аркылуу Өзбекстанга мал-жандыктар экспорттоло баштайт

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу “Баймак—автожол” өткөрмө бекетине жакын жерге “Бай-Талаа” соода логистикалык борборунун мал өткөрүүчү пункту курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул жерде малды күн сайын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Курулуш жумуштары жеке ишкер тарабынан эки жыл аралыгында жүргүзүлүп, келерки аптадан тартып экспорттоо иши башталат. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 21 гектар жер аянты ажыратылган.

Жакынкы аралыкта аталган пункттан эки чакырым алыстыкка курулуп жаткан мал базары да ишке берилет.

Пунттун ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коңшу Өзбекстандын Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, жергиликтүү бийлик, ишкерлер жана айыл тургундары катышты.

"Ыйгарым укуктуу өкүл эми буга чейин бир катар көйгөйлөрдү жаратып келген коңшу өлкөгө аткезчилик жол менен мал-жандык өткөрүү фактыларына бөгөт коюларын айтты. Бул эки мамлекеттин ортосундагы соода алакаларын жандантууга шарт түзүп, жергиликтүү калктын киреше бөлүгүн арттыраарын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий