• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

32 млн сомдон ашуун. Ошто ири алдамчылыкка шектелип эже-сиңдилер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Ошто жасалма документтер менен үйлөр сатылып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы май айында Ош шаарынын тургуну 1986-жылы туулган И.А. арыз менен милицияга кайрылып, эже-сиңдилер О.А. жана О.Ж. Кара-Суу районунда башка адамга таандык үйдү жасалма документтер менен алуу-сатуу келишимин түзүү менен өткөрүп берип, жалпы суммасы 21 млн 189 миң сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алып, изин жашырып кеткендигин билдирип мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Андан тышкары, Ош шаарынын 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран дагы ушундай эле арыз менен кайрылып, О.А. жана бир тууган синдиси О.Ж экөө Кара-Суу районунда үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ менен сатышканын жана өзгөчө ири өлчөмдө тактап айтканда, 11 млн 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилгендигин билдирген.

Аталган фактылар Ош облусунун Кара-Суу РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр 1980-жылы туулган О.А. жана 1981-жылы туулган О.Ж. тергөөгө келүүдөн баш тартып жүргөн жеринен Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматына
камсыз кылынып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жогоруда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары маалым болуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий