• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Beta Stores соода борборунун ээлери салык кызматына 7 жыл бою туура эмес маалымат берип келишкен. Келтирилген зыян 10 миллион сомду түздү

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Бишкектеги соода борборлорунун биринин (“Beta Stores-1”, “Beta Stores-2”) салык төлөнүүчү аймагынын аянты азайтылгандыгы тууралуу факт аныкталган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган соода борбору 2012-жылдан 2017-жылга дейре салык төлөнүүчү территориясынын аянтын салык органдарына туура эмес маалымат берүү менен азайтып келген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы туумдар менен бирге 10 миллиондон ашык кошумча салыкты аныктаган.

6-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын колдонгон чараларынын негизинде мамлекеттик бюджетке жогорудагы соода борборлору тарабынан 5 миллион сом төлөнгөн. Калган 5 миллион 628 миң сомду жакынкы күндөрү төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий