• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте эки жаш жигит тоноого шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бишкекте эки жаш жигит тоноого шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-февраль күнү Ленин райондук ИИБине Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, ушул эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Бишкек шаарынын Чүй проспектинен белгисиз жарандар арыздануучунун баласынан 17 миң сомдук Samsung galaxy A30 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 3 миң сомдук наушнигин жана 7 миң сом акчасын ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкендиги айтылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш жаза кодексинин 206 (тоноо) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 2003-жылы туулган Р.Б. жана 2004-жылы туулган Б.Э. аттуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилген. КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан, Р.Б. аттуу шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОго бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Ал эми Б.Э. аттуу шектүү ата-энесинин кароосуна өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий