• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Кызмат адамына пара берген Тажикстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кызмат адамына пара берген Тажикстандын жараны кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикстандын Хатлон облусунун Ч. Балхи айылында 1994-жылы туулган “Ч.М.” аттуу жараны эч кандай уруксат кагазы жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган.

Кармалган жаран 2019-жылдын 6-июлунан бери Кыргызстандын аймагында экени, ал Душанбе-Бишкек авиакаттамы менен 1988-жылы Тажикстан Республикасында туулган “Х.Ш.А” аттуу Россиянын жаранынын чакыруусу менен келгени аныкталды.

Буга байланыштуу 2022-жылдын 9-февралында “Ч.М.” тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн КР УКМКга чакырылган. Сурамжылоо учурунда “Ч.М.” “Мега Центр” соода борборунда эч кандай уруксат кагаздары жок иштеп жатканын айтып, ал аны чыгарып салбоосун суранып, пара катары кызмат адамына акча каражатын сунуштаган.

2022-жылдын 10-февралында бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүндө (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган. 2022-жылдын 11-февралында КР УКМК кызматкерлери тарабынан “Ч.М.” кызмат адамына сунуштаган акча каражатынын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалды.

Маалымат үчүн: “Миграция жөнүндө” мыйзамга ылайык (чет өлкөлүк жаранды тартуу үчүн иш берүчүүдө Миграция кызматы тарабынан берилген квотага ылайык чет өлкөлүк жаранды ишке орноштурууга уруксаты болушу керек, анын негизинде чет өлкөлүк жаран “жумушка уруксат” алыш керек. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жаран Визанын категориясына жана анын мөөнөтүнө ылайык иштөөгө уруксат алат).

Пикир

Оставить комментарий