• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 15-июлда болжол менен саат 02:22де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Кече, Ак-Булак, Үгүт айылдарында 2,5 баллга, Жаңы-Талап, Байгөнчөк, Ак-Тал айылдарында 2 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий