• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендиктерге жеңилдетилген талаптар менен насыя бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Улуттук банк коммерциялык банктарга баткендиктерге артыкчылыктуу тартипте насыя берүүнү сунуштады.

Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому кабыл алынды.

Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайт.

Токтом менен кредиттерди/кепилдиктерди алууда карыз алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган.

Мындан тышкары, токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий