• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу системасы өнүктүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына барып, автобус жана троллейбустарга gps-трекинг системасынын иши менен таанышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мында жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү ыңгайлуулуктарды түзүүгө өзүнчө басым жасалат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын ар бир тургуну калаадагы автобустардын жана троллейбустардын кыймылын чагылдырган BusService мобилдик тиркемеси аркылуу жолдо жүрүү убактысын пландай алат.

"Учурда тургундар жана коноктор үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жол акысын накталай эмес төлөм менен ишке ашырууга аракет көрүлүүдө. Бул багытта жүргүнчүлөрдүн электрондук карталарын ЭлСом жана Megapay системалары менен интеграциялоо процессин тездетүү тапшырылды. Бүгүнкү күндө бул карталардын популярдуулугу төмөн болуп, баланс толуктоо ХБК кичирайонунда жана Юго-Востоктогу автоунаа ишканасынын диспетчердик борборунда гана мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алып келинүүсү күтүлүп жаткан жаңы автобустарды тейлөөгө айдоочуларды жана техникалык кызматкерлерди алуу маселеси да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий