• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу кыздар Түркиядагы күрөш боюнча мелдеште 4 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өткөн Champions 2021 XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында өттү.

Калмира Билимбекова (57 кг) жана Сезим Жуманазарова (59 кг) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) жана Бермет Нуридин кызы (57 кг) мелдеште 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Стамбул шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий