• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Наристе манасчы-2021” шаардык сынагы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоо эл аралык күнү майрамына арналган Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы тарабынан уюштурулган “Наристе манасчы” шаардык сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Наристе манасчы” шаардык сынагы КР “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында, 1-июнь - Балдарды коргоо эл аралык күнү майрамына карата уюштурулду.

Сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4-класс) балдар катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилди.

Сынактын шарттары боюнча райондук сынактардан 1,2,3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык сынакка катышты.

“Эң мыкты” деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар), жалпы билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар 1-4-класстардан), жалпы шаар боюнча 23 наристе манасчы шаардык сынакка катышты.

Манасчылар таймашынын башында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев балдарга насаат сөздөрдү айтып, ак бата берди.

Сынактардын жеңүүчүлөрү:
Балдар бакчалары боюнча:
Баш байге: Базарбаев Бекжан (№ 5 МЧББУ)
1-орун Рысбаев Ильяз (№12 МЧББУ)
2-орун: Алмазбекова Айзирек (№164 МЧББУ)
3-орун: Султанов Амир (№ 66 МЧББУ)

Жалпы шаардык сынакка №№ 5, 12, 66, 79, 113, 118, 140, 164, 171 жана “Аруужан” балдарды өнүктүрүү жана чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары катышты.

Мектептер боюнча (1-4-класс):

Баш байге: Ахмадалиев Илияз (№ 55 ОМ)
1-орун: Жумагулов Атай (№ 61 АОТК)
2-орун: Оболбеков Нурислам (№ 43 ОМ)
3-орун: Суранбаев Кантөрө (№ 56 ОМ)
Жалпы шаардык сынакка №№ 26, 32, 33, 43, 55, 56, 61, 69, 78, 82, 95 мектептердин 1-4-класстарынын окуучулары катышты.

Калыстар тобунун төрагасы белгилүү замандаш манасчы Рысбай Исаков, калыстар тобунун мүчөлөрү: манасчылар Шайлообек Рашов жана Нурбек Талантбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү жана Бишкек шаарынын куратору Темирбек Осмоналиев, “Тайтебиш” улуттук спорт мектебинин негиздөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова наристе манасчыларды куттуктап, жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга сыйлыктарды тапшырышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова жаштарды тарбиялоодо “Манас” эпосунун орду зор экендигин айтып, бул таймаштар жыл сайын өткөрүлүп, жыл сайын жаңы балдар кошулуп, жаш манасчылардын катары көбөйүп жатканын зор кубаныч менен белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарды 1-июнь - Балдарды коргоо эл аралык күнү майрамы менен куттуктайт жана алтын балалык, кең келечек, бекем ден соолук каалайт.

Пикир

Оставить комментарий