• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суучул Денис Петрашов Токиодо өтө турчу Олимпиадага жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына кыргызстандык суучул Денис Петрашов алгачкылардан болуп лицензия алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Петрашов Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жаткан суучулдар биринчилигинде 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундда сүзүп келген.

"Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча мелдеште 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундда сүзүп өткөн. Бул жарышка 87 спортсмен катышкан. Ал бешинчи бөлүктө сүзүп, баарынан биринчи келген. Жалпы эсепте Денис 28-орунга илинген", - деп айтылат маалыматта.

Олимпиадага жолдомо алыш үчүн суучулдар 1 мүнөт 1,73 секундда маарага жетиши керектелет.

Пикир

Оставить комментарий