• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР элчиси жана Украина УИАнын президенти эки өлкөнүн ортосундагы илимди өнүктүрүү тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин демилгеси менен КРнын Украинадагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шариповдун Украинанын Улуттук илимдер академиясынын президенти Б.Патон менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Украинанын илим жана илимий технологиялар тармагындагы алдыдагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Украиналык тарап Эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясына мүчөлүктүн алкагында кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Украинанын жана КРнын илимдер академияларынын ортосунда 2009-жылы кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашууга кол коюлган. Тараптар аталган макулдашууга азыркы убакытты эске алуу менен кайра кол коюуга даярдыгын билдиришти.

Тараптар КР менен Украинанын улуттук илимдер академияларынын ортосунда орногон мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өз ара кызыгууларын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий