• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акыйкатчы “Таза Токмок” коомдук бирикмесинин жетекчисин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Акыйкатчы Токон Мамытов “Таза Токмок” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сулайманова Алтынбүбүнү кабыл алды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Сулайманова аталган коомдук бирикмени 2016-жылы түзүлгөн. Анда 30 чукул жарандык активисттер социалдык, экономикалык, маданият маселелер боюнча жергиликтүү бийликке жана жергиликтүү элге жардам иретинде 5 багытта иш алып барат (бала-бакчаларды ачуу, турак-жай жоктордун маселесин чечүү, жумушсуздукту жоюу, маданият, дене-тарбия, спорт маселелери, туура тамактануу).

"Бирикменин жетекчисинин айтымында Токмок шаарында 25 бала-бакча бар болсо, бүгүнкү күндө 6 гана муниципалдык бала-бакча иштейт. Калганы башка колдорго өтүп, айрымдары талкаланып жок болгон. Бала-бакчаларды кайра калыбына келтирүү боюнча атайын сунуштар Өкмөткө, Токмок шаарынын мэрине жана Билим берүү министрлигине берилген. Ошондой эле бала-бакчаларды талкалоого катышкан же мыйзамсыз башка багытта иштетип жаткан тийиштүү адамдарга карата Токмок шаарынын прокуратурасына арыз жазылган. Сулайманова андан бери жылыш жоктугун айтып, Акыйкатчыдан акыйкат издеп келген", - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы Токон Мамытов прокуратурадан бул боюнча иштин жообун күтө турууну өтүнүп, андагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен таанышайын, эгерде арызга тийиштүү жооп берилбей, мыйзам бузулган болсо, мен силердин талабыңарды колдоого жана акыйкат орнотууга даярмын деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий