• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Салык кызматынын колл-борборуна 170 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. 2023-жылы Мамлекеттик салык кызматынын колл-борборуна эң актуалдуу салык маселелери боюнча консультация алуу үчүн жарандардан 169 миң 950 кайрылуу келип түшкөн.

Ведомстводон билдиришкендей, 2022-жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 2,4 эсеге өскөн же 99 миң 180 чалууга көп.

Чалгандардын көпчүлүгү салык декларациясын толтуруу жана тапшыруу, отчеттор, маалымкаттарды алуу, мүлк жана жер салыктарын эсептөө жана ставкалар менен байланышкан маселелерге кызыгышкан.

Салык төлөөчүлөр көбүнчө электрондук салык кызматтарын, анын ичинде "жеке салык кабинетин", ККМ, ЭТТК, ЭЭФ, Salyk.kg мобилдик тиркемесин пайдалануу жол-жоболору боюнча да суроо узатышкан.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматынын колл-борборунун иштөө форматы жакшыртылган.

Жаңы техникалар алынып, операторлордун саны көбөйгөн, бул салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын кыйла жогорулатты. Чалууларды кабыл алуу үчүн мурда 11 канал болгон болсо, эми 30 каналда иш алып барылат.

Жаңы система колл-борбордун операторлоруна байланыш үзүлгөн чалууларга кайрадан байланышка чыгып, чалуу маселелерин тактоого мүмкүндүк берет.

Эгерде оператор татаал суроолорго жооп берүүдө кыйынчылыкка туш болсо, анда ал салык адистерине же техникалык колдоо кызматына дароо чалып же жаран менен байланыштырышы мүмкүн. Колл-борборунун жетекчиси да ошол эле учурда операторго жардам берүү үчүн сүйлөшүүгө кошулушу мүмкүн.

116 номери боюнча кол-борбордун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жана ар кандай сурап-билүүчү маалыматтарды ыкчам берүү. Бардык операторлор үчүн чалуулар акысыз.

Пикир

Оставить комментарий