• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россия Кыргызстанга ун, май түрүндө жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкекте 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы түрүндөгү Россиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу аземи болот.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.

Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.

Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий