• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

28-апрелге чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында жакынкы күндөрдө күтүлө турган аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 22-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20метргежетиши күтүлөт.

23-апрелде кээ бир райондордо жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20метргежетиши күтүлөт.

24-25-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20метргежетиши күтүлөт.

25-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорундажаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-апрелде кээ бир райондордожаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ал эми 27-28-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий