• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда учак кулап, эки киши мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, эки экипаж мүчөсү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрель күнү саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгуу учууларын аткарган жеңил учак конуп жаткан маалда кырсыкка кабылган.

Учурда өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө иштерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий