• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

CA-NEWS (UZ) : Пензада өзбек палоосунун Саммити өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS (UZ): Пензада 12-июнь шаар күнүндө “Палоо саммити” өттү. Шаардыктарга өзбек палоосунун 10 түрү тартууланды. Бул тууралуу penza-press.ru билдирет.

“Пенза облусундагы өзбек коомчулугунун өкүлдөрүнүн арасынан эң мыкты ашпозчуларды тандадык. Алардын эң кенжеси 12, улуусу – 70 жашта. Алар самарканд, бухара, хорезм жана башка палоонун 10 түрүн тартуулашууда. Ар бир жерде өз рецептери бар, палоолор ар башка даярдалган, бирок бардыгы даамдуу”, - деди облустагы “Өзбек коому” коомдук уюмунун президенти Сатимбай Бердиев.

“Палоо саммити” – ириде кайрымдуулук акциясы. Палоо алууну каалаган шаардыктар атайын купондорду сатып алышат. Топтолгон каражат Мокшан жатак үйүнө берилет.

“Ашпозчулар азыктарды өз каражаттарына алышты. Алар акцияга чын жүрөктөн катышышты. Анткени түшкөн каражат жардам берүүгө жумшалат. Жакшылык кылуу – бул кубанычтуу майрам жана абдан жакшы”, - деп белгиледи Сатимбай Бердиев.

Булагы: CA-NEWS (UZ)

Пикир

Оставить комментарий