• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш мыйзамсыз курулган ири коммерциялык объекттерди бузууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда январь айынын башынан тарта мыйзам бузуу менен курулган коммерциялык объекттерди аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинини директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия бузула турган объекттердин, анын ичинде ири объекттердин тизмесин сунуштайт.

“Белгилүү талаптар бар, алар аткарылбаса, биз имараттарды бузууга аргасыз болобуз. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Комиссия документтерди бизге бергенден соң гана чечим чыгарабыз”, - деди Мамкурулуштун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий