• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга япониялык стартап компаниялардын бизнес-миссиясы келет

Саясат 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кыргызстанга 2024-жылдын экинчи жарымынын башында япониялык компаниялардын бизнес-миссиясы келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тараткан маалыматта айтылат.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюмунун (ДЖЕТРО) Ташкенттеги кеңсесинин башкы директору Дзюн Такахаси, ошондой эле геодезия, картография ж.б. космостук технологиялар тармагында адистешкен Synspective SG Pte. Ltd жана Arkedge Space Inc япониялык стартап компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрында Японияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча япон тараптын демилгеси менен 11-январда өткөн.

Анын жүрүшүндө аталган япон компанияларынын ишмердүүлүгү жана алар көрсөткөн кызматтар жөнүндө презентация болуп өттү, ошондой эле кыргыз тарап менен артыкчылыктуу багыттар боюнча туруктуу өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар экендиги белгиленди.

Элчи өз кезегинде япон тарапка Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жөнүндө, бизнес жүргүзүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурадуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыгындагы ар түрдүү тармактарда кызматташуунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Кыргыз тарап тийиштүү чөйрөлөрдө, биринчи кезекте табигый геологиялык ресурстарын изилдөө, мөңгүлөрдүн эриши ж.б. спутниктик технологияларды колдонуу менен мындан ары өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана тереңдетүү максатында Кыргызстандын профилдик ведомстволору менен жолугушууларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты жөнгө салууга даярдыгын ырасташкан.

Пикир

Оставить комментарий