• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сентябрдан тарта Жидда-Бишкек-Жидда түз аба каттамы аткарыла баштайт

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларына Сауд Аравиясынын Жидда шаарынан үзгүлтүксүз түз аба каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Сауд Аравиясынын “Flynas” авиакомпаниясынын жетекчилиги эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарды аткаруу боюнча чечим кабыл алды.

Ага ылайык “Flynas” авиакомпаниясы Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы үзгүлтүксүз каттамдарын 2023-жылдын 21-августунан жана Жидда-Бишкек-Жидда багыты боюнча 2-сентябрынан тарта аткара баштайт.

Белгиленгендей, Жидда-Ош-Жидда каттамы дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жана Жидда-Бишкек-Жидда каттамы шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү жумасына үч жолу аткарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий