• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылган милициянын майорун кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын майору күн мурун, 5-июлда УКМК тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте колго түшкөн.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда., кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.

Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната; 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону; 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону; 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору.

Кармалган кызматкер КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий