• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Конституция, Жер кодексинин талаптарына ылайык, жер, анын кен байлыктары, өсүмдүктөрү, жаныбарлары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин, иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Ал эми жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен жогоруда көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузган. Алар мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салышып, мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзгөн. Андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Аны менен бирге, Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлеринин атынан ишеним каттарды жасалмалаган.

Бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түр жаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчиктерине өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары, Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Коррупция") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий