• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн командасы алгачкы жолу кум үстүндөгү футбол боюнча өлкө кубогун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу аяктады. Спорттук иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тосор айылында өттү.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, турнирге сегиз команда катышты: «Казыбек», «Баткен», «Түп», «Боз-Бешик», «Жети-Өгүз», «Чүй», «Каракол», «Тосор».

Финалдык беттеште «Баткен» жана «Түп» командалары кез келип, ысык-көлдүктөр оюнда 0-6 эсеби менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Ошентип, «Түп» командасы биринчи жолу Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча кубогунун ээси болду.

Эске салсак, буга чейин «Жети-Өгүздүн» өкүлдөрү үч жолу турнирдин жеңүүчүсү аталган, ал эми «КГАФКиС» жана «Теңир-Тоо» командалары кубокту бир жолудан утушкан.

Көңүл жубатуучу финалда «Чүй» командасы «Жети-Өгүздү» 8-4 эсебинде утуп алды, ошентип, чүйлүк оюнчулар коло медалдарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий