• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бензиндин орточо баасы 57,2 сомду түзүп, автогаз 1,8 сомго кымбатташы күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 06.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында республиканын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда иш алып барган ири нефтетрейдерлердин катышуусунда жумушчу жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында баа тармагындагы жагдайлар, ички рыноктун камсыздандырылгандыгы жана КММ рыногуна таасир этүүчү факторлор талкууланды.

Жыйынтыгында ички рынокту толтуруу жана өзгөчө дизель отунуна болгон баа жагдайын стабилдештирип, бааны төмөндөтүү максатында, нефтетрейдерлер тарабынан колдоого алынган төмөнкүдөй сунуштар берилди:

  • чектөө жана жылмакай баа саясатын жүргүзүүнү улантуу;
  • "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАК («Кыргызнефтегаз» ААК) ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү заводу менен дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү маселесин кароо.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалга болгон орточо баа төмөнкүдөй:

  • АИ 92 – 57,2 сом/литр;
  • ДО – 70,3 сом/литр;

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана коңшу мамлекеттерде КММга жана суютулган көмүрсуутек газына (Автогаз) болгон орточо салыштырмалуу баалар төмөнкүдөй:

Ошондой эле 2023-жылдын 1-июлунан тартып СКГга (автогазга) акциздик салык тоннасына 3000 сом өлчөмүндө киргизилгендигине байланыштуу, автогазга болгон баа литрине 1,8 сомго чейин көтөрүлөрү күтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий