• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Январь-май айларында саламаттык сактоо тармагы 10,6 млрд сомго каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-май айларында "Саламаттык сактоо" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 10,6 млрд сомду, же такталган жылдык пландын 36,9%ын түздү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттар боюнча аткарылуу такталган жылдык планга карата 1,7 млрд сомду, же 36,0%ды түздү, анын ичинде:

- 440 млн сом эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө каржыланды;
- гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө – 67,4 млн сом;
- дары-дармектерди сатып алууга – 674,5 млн сом;
- азык-түлүк сатып алууга – 17 млн ​​сом;

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8,5 млрд сом бөлүндү, же 36,5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына - 883,5 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий