• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 3 айда 7 млрд сом өлчөмүндөгү кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыздаган

Экономика 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Транспорттук көзөмөл жана товарларды каттоого алуу боюнча убактылуу пункттар 2018-жылдын 1-октябрынан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жанындагы 4 көзөмөл-өткөрүү пунктуна, атап айтканда, Талас облусунун Манас районундагы («Чоң-Капка автожол»), Чүй облусунун Панфилов районундагы («Чалдыбар автожол»), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы («Ак-Тилек автожол»), Чүй облусунун Аламүдүн райондагы («Ак-Жол автожол») пункттарына жанаша иш алып бара баштаган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Бардык убактылуу пункттарда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдөн киргизилген жүктөр тууралуу аймактык салык органдарына он-лайн режиминде маалымат жөнөтүүгө мүмкүндүк берген коштоочу документтерди эсепке алуу боюнча автоматташтырылган тутум орнотулган.

2018-жылдын октябрь-декабрь айларында МСК 7 млрд 98,4 млн сом өлчөмүндөгү кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыздаган, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 785,9 млн сомго жогору, же өсүү темпи 112,5%ды түзгөн.

Анын ичинде:

- импортко КНС 4 млрд 762 млн сом өлчөмүндө түшкөн, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 658,6 млн сомго, же 116,1% көп;

- импортко карата акциз 2 млрд 336,4 млн сом өлчөмүндө түшкөн, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 127,3 млн сомго, же 105,8%га көп.

2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрга чейинки мезгилде транспортторду көзөмөлдөө жана товарларды каттоо убактылуу жайларында жалпысынан 36 миң 101 даана коштоочу документ түзүлүп жана берилген, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 миң 227 даанага көп же өсүү темпи 125,0% түзөт.

Эгерде 2017-жылдын 1-октябрынан 31-декабрга чейин түзүлгөн жана берилген коштоочу документтердин күнүмдүк орточо саны 318 даананы түзсө, 2018-жылы 392 даананы түзүп, 75ке же 24%га көп болгон.

2018-жылдын 1-октябрына чейин айрым юридикалык жана жеке жактар тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу товарларды ташууда товарлардын чыныгы салмактык көрсөткүчүн (сандык) кыйла төмөндөтүп көрсөтүү менен түзүлгөн коштоочу документтер берилгенин белгилей кетүү маанилүү.

Транспорттук көзөмөл жана товарларды каттоо убактылуу жайлары иштеп баштагандан бери түзүлгөн жана берилген коштоочу документтердин санынын өсүүсү гана эмес, ташылган товарлардын чыныгы салмактык (сандык) көрсөткүчтөрүн чагылдыруу да жүрүүдө.

Ошентип, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 2018-жылдын 28-декабрына чейин ЭККМК ыкчам тобуна 405 автотранспорт каражаттары боюнча, анын ичинде ташылган жүккө товар коштоочу документтердин, Казакстан Республикасынын ДСУ Товарларды алып коюу тизмесине киргизилген товарлар боюнча документтердин, коштоочу чаптагычтардын, аймактык салык органдарынын маалымдамаларынын жоктугуна, ошондой эле коштоочу документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө ташылган жүктүн чыныгы көрсөткүчтөрү дал келбегендигине байланыштуу маалымат (материал) берилген.

Пикир

Оставить комментарий