• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эми коомдук транспорттордо жол кирени «Элкарт» картасы менен төлөөгө болот

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын тургундары жана коноктору коомдук транспортто жол кирени «Элкарт» банктык картасы менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө жаңы төлөм №13 маршруттук линиядагы муниципалдык автобустарда жана шаардык троллейбустарда жеткиликтүү.

Жакынкы арада тутум ISUZU SAZ HC үлгүсүндөгү 40 муниципалдык автобустарында ишке киргизилет.

Мындан тышкары, жол акысын төлөө жакынкы убакыттарда мобилдик тиркемелер, Visa жана Mastercard банк карталары аркылуу ишке киргизүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий