• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокенде майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Жумабек Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде тарбияланып балдарга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Саамалыкка КП президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, район акими Таалайбек Ишенбеков, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Аталган жатак мектепте облус аймагынан келген 146 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланып келет. Бүгүн майрамга карата облус башчысынын резевдик фондунан 30 миң сом акча каражаты тапшырылды.

Эркинбек Маматаев балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, ар дайым коомдогу камкордукка муктаж балдарга көңүл буруу, аларга керектүү шарттарды жаратуу аракеттери улантылаарын билдирди. Мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип, балдарга ден соолук каалады.

Иш-чарага катышкан облустук жана райондогу мекеме-ишкана жамааттары да жатак мектептин тарбиялануучуларына майрамдык белектерин тапшырышты. Балдарды коргоо күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине, Көзү азиздер менен дүлөйлөр коомуна, Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебине, Жалал-Абад шаарындагы балдардын Ак-Жол реабилитациялык борбору жалпы 80 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Жалал-Абад облусунун 1 млн 300 миңге жакын калкынын 38 пайызын балдар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий