• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү иштери менен таанышты

Өкмөт 0


Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Нарын дарыясындагы Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 8 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров объектидеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жакында берген маегинде Казакстан жана Өзбекстандын Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий