• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакында өнүгүү түйүндөрү эсептелген 2 шаарды ишке киргизүү пландаштырылууда - Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, «Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына карай: Кыргызстанда бардыгын камтыган жана туруктуу өсүштү колдоо» аттуу жогорку деңгээлдеги семинарга катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр өз сөзүндө Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасындагы негизги багыттарды, артыкчылыктарды жана максаттарды белгиледи.

«Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү алкагында негизги иштер төмөнкү: агроөнөржай комплекси, жеңил өнөр жайы, туризм, курулуш, транспорт-жол сектору, өнөр жай, энергетика жана кен казуу багыттары боюнча жүргүзүлөт. Буга катар «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке берүү, бюджеттин пайдасына электрондук төлөмдөр системасын киргизүү, жарандарды идентификациялоо жана аутентификациялоо, киберкоопсуздуктун улуттук системасын түзүү, ошондой эле маалыматтарды иштетүүчү жана алардын байланыш каналдарын бириктирүүчү мамлекеттик борборлорду түзүү пландаштырылууда», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Региондорду өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгынын жана Аймактык өнүктүрүү концепциясынын алкагында өсүп келе жаткан 20 шаарды болгон инфраструктурасы менен өнүктүрүү программасын ишке ашыруу пландаштырылууда, өз кезегинде ал жергиликтүү өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануу менен жанаша аймактардын экономикалык иштерине таасирин тийгизмекчи.

«Жакынкы учурда өсүп келе жаткан 2 шаарды өнүктүрүү белгиленүүдө. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда туристтик кластерди, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда тигүү кластерин жана Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында айыл чарба кластерлерин ишке киргизүү пландаштырылган», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр кошумчалагандай, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана анын алдын алуу, жергиликтүү кайталангыс жаратылышты жана биотүрдүүлүктү коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

«Биз экологияны сактоо үчүн келечек муундун алдында жоопкерчиликте экендигибизди сезебиз. Ушуга байланыштуу Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылыктар болуп «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, максималдуу түрдө ресурстарды жана энергияны сактоо, энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактарын пайдалануу, глобалдуу жылуулуктун кесепеттеринин алдын алуу боюнча эл аралык күч аракеттерге өлкөбүздүн салым кошуусу эсептелет. Биз экологиялык алааматтардын таасиринин алдын алуу жана азайтуу, калкты максималдуу коргоо боюнча иштерди жүргүзүп келгенбиз жана жүргүзө беребиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы келечекте коомчулуктун пикирин, ошондой эле өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн сунуштарын эске алуу менен өркүндөтүлөт.

«Өкмөттүн программасын талкуулоого катышкан жалпыңыздарга ыраазычылык билдирем. Биз бардык сунуштарды эске алуу менен өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн кызматташтыкты улантууга ишеним артабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий