• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Ынтымак" сейил багына көзөмөл камералары орнотулду

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ынтымак" сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө сейил бакта жүздү таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду. Учурда Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, мындан тышкары, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Буга чейин Октябрь районундагы ири соода түйүндөрүнө демөөрчүлөр аркылуу 15тен ашык видео көзөмөл камералары орнотулган.

Белгилей кетсек, Октябрь районунун башка жерлеринде да жүздү таануу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар камераларды орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий