• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 18…22, Таласта 19…24, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17…22 градус болот.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын күндүзгү табы күндүз 22…27 градуска чейин ысыйт.

Бишкекте күндүз маал-маалы менен жаан жаап, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий