• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы чарасы киргизилүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек рыногунда жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы чарасын киргизүүдө. Бул тууралуу министр Гүлнара Баатырова кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин Улуттук чемпионатынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда калктын 2,4 миллионун 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт.

"Министрлик тарабынан кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүү, жаштарды ишке орноштуруу чөйрөсүндө максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, эмгек министрлиги аркылуу 2024-жылдын 1-январына карата 8989 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулуп, 62%ы ишке орношкон. Мындан тышкары, 125 адистиктер боюнча окууга болот. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 2023-жылы 16703 жумушсуз жаран, анын ичинен 1764 жаштар ишке орноштурулган", - деди ал.

Ошондой эле Баатырова Эмгек рыногунда кесиптик лицейлердин, колледж, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү иш тажрыйбасы жок болгондугуна байланыштуу министрлик үстүбүздөгү жылы 35 жашка чейинки 3 миң жаштар үчүн "жаштар стажировкаларын" уюштурууну пландап жатканын белгиледи. Жаштар жеке менчигине карабастан ишканаларда стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

"Өлкө боюнча жаштарга кесип тандоодо жардам берүү үчүн кесиптик багыт берүүчү 9 борбор ачылды", - деди ал.

Белгиленгендей, ачылыш аземине КР билим жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, ЖК депутататтары, Соода-өнөр жай палатасынын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн: Улуттук жумушчу кесиптер чемпионаты үч адистик боюнча өткөрүлөт: ширетүү технологиясы, ашпозчулук жана мода технологиясы. Чемпионаттын республикалык турунун жыйынтыгы менен аныкталган өлкөнүн мыкты студенттери өз жөндөмдөрүн көрсөтүшөт жана Франциядагы эл аралык чемпионатта өлкөнүн атынан чыгуу укугу үчүн ат салышат.

Пикир

Оставить комментарий