• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто милиция кызматкерлери үчүн командалык борбор, бала бакча жана башка объекттер курулууда

Аймак 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Ош шаарында жана Ош облусунун аймактарында милиция кызматкерлери үчүн кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу багытында бир катар иштер аткарылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алсак, Ош шаарында 75 орундуу балдар бакчанын имараты курулууда. Мурунку балдар бакчасынын эски имараты тиешелүү кызматтар тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылып, ИИМдин жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде эски имарат буздуруп, курулуш иштери 2023-жылдын экинчи чейрегинде башталган.

Бала бакча эки кабаттуу, фундаменти бетондон, дубалдары бышкан кыштан салынып, жалпы аянты 618 чарчы метрди түзөт. Имарат өзүнө 3 бөлмө, үч уктоо бөлмөсүн, үч ойноочу жайын, эки тамактануучу жайын жана ашкананы камтыйт.

Бүгүнкү күнгө имараттын пайдубалынын жумуштары бүткөрүлүп, биринчи кабатынын дубалдарын тургузуу иштери аяктоодо. Бала бакчаны толук колдонууга берүү ушул жылдын май айларына мерчемделүүдө.

Бала бакчанын курулушу менен милиция кызматкерлеринин балдарынын мектепке чейинки талим тарбиясын алуу шарттары бир кыйла жогорулап, келечек муунду татыктуу өстүрүүгө өбөлгө түзөт.

Ошону менен бирге, Ички иштер министрлигиндеги санариптештирүү иштеринин алкагында Ош шаарындагы командалык борбордун административдик имаратын курулушу башталган.

Командалык борбордун имараты эки кабаттуу, ал өзүнө 23 кызматтык бөлмө, мониторинг жүргүзүү үчүн эки зал жана кызматкерлердин эки эс алуучу бөлмөлөрүн камтыйт.

Бүгүнкү күнгө имараттын куруу-монтаждоо иштери аяктап, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Бул командалык борбор Кыргызстандын ички иштер органдарын өнүктүрүү стратегиясынын программасын ишке ашыруунун алкагында курулуп, жакынкы арада толук кандуу ишке берилет.

Ош шаарынын милициясынын карамагында боло турган командалык борбор шаардагы ыкчам кырдаалды көзөмөлдөөнүн жана координациялоонун натыйжалуу системасы болуп, ал өз кезегинде коомдук тартипти сактоого, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууга оң таасирин тийгизет.

Учурдагы шаар ичинде орнотулган инсанды жүзүн идентификациялоо камералары тутуштырылып, анын жардамы менен мурда кылмыш жасагандыгы үчүн изделип жаткан кылмышкерлерди таануу аркылуу реалдуу убакыт режиминде видеобайкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Мындан сырткары, Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн эски административдик имараты толугу менен буздурулуп, жаңы имаратты куруу иштери башталган. Имарат үч кабаттан туруп, 38 бөлмөнү, жыйындар залын, жана убактылуу кармоочу жайын камтыйт.

Бүгүнкү күндө имараттын жер төлөөсүн казуу иштери аяктоодо. Жаңы курулуп жаткан имарат жарандарга сервистик тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө бардык зарыл болгон буюм-тайымдар менен камсыздалат.

Мындан тышкары, “Сулайман тоо” ички иштер бөлүмүнүн имараты да эскилиги жеткендигине байланыштуу демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имарат курулууда. Имараттын курулушуна атайын жер тилкеси бөлүнүп берилип, курулуш иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгына караштуу Чоң-Алай ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты курулуп, ушул жылдын аягына чейин ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Жогоруда аталган бардык курулуш иштери ИИМдин Курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий