• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Оштун борбордук аянтындагы туу жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жайгашкан бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда илинип турган мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 27-августта, Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик желекти жаңыртуу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары жана мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан мамлекеттик желекти жаңылашты.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы флагшток 2009-жылы орнотулган, анын бийиктиги 42 метр. Ал эми туунун туурасы 10, узуну 15 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий