• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда Айымдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Чүй облустук театрында Айымдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага облус башычысы Канат Жумагазиев, облустун өзгөчөлөнгөн айымдары катышты.

Өз сөзүндө Канат Жумагазиев энелерге, эже-карындаштарга терең ыраазычылыгын билдирип, алардын камкордугу жана тарбиясы аркылуу улуу аракеттердин пайдубалы түптөлөрүн баса белгиледи.

Өкүл ааламдашуу доорунда кыргыз аялдары тарыхый тенденцияларга активдүү катышып, эркектер менен биргеликте маселелерди чечип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткандыгына токтолду.

Кеченин соңунда Чүй облусунунун өзгөчөлөнгөн айымдарына грамота жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда 155 "Баатыр эне" ордени жана 99 "Эне даңкы" медалы, ал эми 2022-жылы 98 "Баатыр эне" ордени жана 58 "Эне даңкы" медалы тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий