• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы ЖЭБ-2 ишке кирет — энергетика министри

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Жылуулук электр борбору — 2 (ЖЭБ-2) ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 5-марттагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министр отурумдун жүрүшүндө депутаттын суроосуна жооп берип жатып, союз мезгилинде курулган жылуулук борбору болгону алты ай гана иштегендигин айтты.

“ЖЭБдин имараты ошол боюнча калат. Жабдыктары жарым-жартылай бар. Ал жердеги 47 гектар жери бизге таандык. Тегерегиндеги салынып кеткен үйлөр ошол бойдон калат. Себеби борбор газ менен иштейт. Аны түрк инвесторлору менен ишке киргизип, 100 МВт электр энергиясы жана 170 МВт экокалорий жылуулук өндүрөбүз”, - деп түшүндүрдү ведомство жетекчиси.

ЖЭБ-2 менен Арча-Бешик, Ак-Өргө сыяктуу бир нече жаңы конуштарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу мерчемделген.


Белгилей кетсек, ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча негизги отун катары экологиялык таза отунду — жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий