• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот тутумун санариптештирүү. Кытай Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын сот тутумун санариптештирүү жаатында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Төрага белгилегендей, өткөн жылдын октябрь айында КЭР башкы судьясы, Жогорку Элдик сотунун төрагасы Чжан Цзюнь менен болгон эки тараптуу жолугушууда жетишилген макулдашуулардын алкагында жакынкы арада сот системасынын техникалык жактан жабдылышынын деңгээли жана жардамдын көлөмүн аныктоо максатында маалыматтык системалардын функционалдуулугу менен таанышуу үчүн эксперттик топтун келиши күтүлүүдө.

Төрага Кыргызстандын сот системасын санариптик трансформациялоодо КЭР Улуттук өнүктүрүү агенттигинен техникалык жардам көрсөтүү маселеси оң жагынан чечилишине үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого багытталган өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий