• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу өзүм билемдик менен курулуп жаткан курулуштарга бөгөт коюу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, күн тартибинде Ош шаарынын аймагындагы өзүм билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды.

Бакытбек Жетигенов курулуш компанияларынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө чаралары күчөгөнүнө карабастан, тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, курулуш иштерин баштап жиберген учурлар катталып жатканын белгиледи.

"Тилекке каршы, быйыл да тиешелүү уруксат кагаздары жок имараттарды, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун өз алдынча баштап жиберген учурлар катталууда. Мындай көрүнүштөргө катуу чара көрүп, кимге тийешелүү болбосун баарын токтотуу керек.

Архитектура, мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы, аймактык башкармалыктардын башчылары шаар аймагында кандай гана курулуш иштери болбосун силер биринчи кабардар болуп, мыйзамдуулугун карап чыккыла. Эгер уруксат кагазы жок кайсы жерде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатса, кызмат абалына, кимге тийешелүү экендигине карабастан коомчулукка ачык жарыялоо зарыл.

Жарандар турак-жай сатып алууда, курулуштар эрежелерди бузуу менен курулуп жатканын билүүгө тийиш", - деди калаа башчысы.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык курулуштардын жумуштарынын жүрүшү жана каржылоо маселелери талкууланып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий