• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук идеологиянын багыттарын аныктоо боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү

Коом 0


Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинде улуттук идеологиянын негизги багыттарын аныктоо боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган мамлекеттик органдын өкүлдөрү, тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, академиктер, коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында катышуучулар тараптан идеологияны жайылтуу, улуттук баалуулуктарды сактоо жаатында түрдүү багыттагы сунуштар берилди.

Мындан тышкары, идеологияны жайылтууну бала бакча, мектептерден баштап, тарыхый кино, сериал, балдар үчүн кыргыз тилинде мультфильмдер жарык көрүшү керек деген пикирлер айтылды.

Атай кетсек, улуттук идеологиянын негизги багыттарын аныктоо боюнча жумушчу топ тийиштүү документти келерки жылдын сентябрь айына чейин даярдап чыгат.

Пикир

Оставить комментарий