• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун тилкесинде 2-4-майда таштарды кулатып түшүрүү жүрөт

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. 2-4-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун тилкесинде таштарды кулатып түшүрүү жүрөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

“Унаалардын жана поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 2-4-майда “Кыргыз темир жолу” УК” МИ жумушчулары тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 3901 км РЗД 148 Коямат Куркол тилкесинде таштарды кулатып түшүрүү жүрөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, унаалардын кыймылы 2-4-майда жергиликтүү убакыт боюнча 09:00дөн 15:00гө чейин мезгил-мезгили менен КР ИИМ ПМБ кызматкерлери тарабынан токтотулуп турат.

30-40 унаа топтолгон шартта таштарды кулатып түшүрүү токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турары белгиленген.

“Иш аба ырайынын ыңгайлуу шарттарында, күндүзү аткарылат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз”, - деп белгилешти КТЖдан.

Пикир

Оставить комментарий