• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында 8 алтын медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 2-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында 31 медаль (8 алтын, 1 күмүш жана 12 коло) жеңип алды. Бул тууралуу Азия оюндары-2017 сайтында маалымдалган.

Мелдештер 23-30-апрелде Ашхабад (Түркмөнстан) шаарында өткөн. Ага 17 өлкөдөн 300дөй спортчу катышты. Медалдар программанын 6 түрү боюнча ойнотулду.

Командалык эсепте Түркмөнстан 1-орунду алды (27 алтын, 25 күмүш жана 23 коло). Андан соң Иран, Тажикстан жана Кыргызстан курама командалары турат.

Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты «Inspiring Ashgabat» аталышындагы сынамык мелдештердин алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий