• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстандын аймагында жол тыгында калгандарды куткарууга жөнөтүлдү

Коом 0


Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Кыргызстан Казакстанда жол тыгында калган жарандарды куткарууга куткаруучуларын жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат караганда, күн мурун, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган. "112" кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган.

Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, жеринде ыктыярчыларга (волонтерлорго) 5 унаа менен тоосколдуксуз айланма каттам уюштурулуп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий