• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда 9-май - Улуу Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-9-май күндөрү өттү.

1-лига, жогорку лига жана 40 жаштан жогорку көк бөрүчүлөрдүн мелдешине республиканын бардык облустарынан 32 команда катышты. Жалпы байге фонду 3,5 млн сомду түздү.

Жогорку лиганын жыйынтыгы:

1-орун “Сары Өзөн” Чүй облусу – 1 000 000 сом;

2-орун “Ынтымак” Талас облусу – 500 000 сом;

3-орун “Достук” Ош облусу – 250 000 сом;

4-орун “Ала-Тоо” Ош шаары – 125 000 сом;

5-орун “Бакубат Талас” – 70 000 сом

6-орун “Мурас” Ысык-Көл облусу – 50 000 сом.

Пикир

Оставить комментарий