• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда май майрамдары учурунда 39 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда май майрамдары учурунда 39 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында май майрамдарына карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтүштү. Жол кырсыктарына байланыштуу жарандардын өмүрүн сактоо максатында рейддер уюштурулуп, жол кыймылынын коопсуздугу көзөмөлгө алынды.

"10 күн ичинде жол эрежелерине байланыштуу 2 457 протокол толтурулган. Анын ичинен 984 учуру ылдамдыкты белгиленген чектен ашырып айдагандар. 56 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарса, 39 айдоочу мас абалда болгон. 117 автоунаа айып короосуна токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусунда жол кырсыктарына бөгөт коюу багытында бул сыяктуу иштер алдыда дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий