• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте сатып алуучу уюмдар үчүн окуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бишкекте сатып алуучу уюмдар үчүн окуу өткөрүлдү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Окуу Биринчи май акимиатынын имаратында өтүп, анда муниципалдык администрациялардын, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистери катышты.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетекчилигинин жана бөлүм башчыларынын баяндамалары угулду.

Катышуучуларга мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилип, андан соң суроо-жооп форматында кызыккан суроолорун бере алышты.

Иш-чара “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын алкагында Финансы министрлиги тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"мыйзам тендердик процедураларды жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын колдонуу шарттарын оптималдаштырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий